Министерство Юстиции Кыргызской Республики Министерство Юстиции Кыргызской Республики

негизги
главная

КР ченемдик укуктук актылары
Нормативные правовые акты КР

юридикалык жактар
юридические лица

мыйзам долбоорлору
законопроекты

форум     
Мазмуну



  Жаңылыктар




  Кыргыз Республикасынын мыйзамдары




  Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоорлору




  Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун талкуулоо




  Юридикалык жактарды каттоо




  Нотариат




  Адвокатура




  Турак үйлөрдү ажыратып бөлүү боюнча комиссиясы




  Жарандык абалдын актыларын каттоо




  Күрөөнү каттоо




  Сот экспертизасы




  Жазык-аткаруу тутумун реформалоо




  Кызматтар




  Министрлик жөнүндө




  Биздин дарек жана реквизиттер




  Байланыш




  Коомдук кабылдама




 























.

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук байланыш агенттигинин суроосу боюнча тјмјндјгі ченемдик укуктук актылардын долбоорлору талкулоого 2008-жылдын 1-февралынан баштап жайгаштырылат.

Эскетіі: Сайттын бул бјліміндј жарыяланган ченемдик укуктук актылардын долбоорлору боюнча сунуштар жана пикирлериѕиздерди Кыргыз Республикасынын Улуттук байланыш агенттигине жјнјтііні суранабыз (Бишкек ш., Байтик баатыр кјч., 7 «б» юридикалык бјлімдін тел. 54-41-95).

Эскертебиз, Кыргыз Республикасынын Јкмітінін Регламенти тарабынан (регламентти кара) ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоого эки айлык мјјнјт белгиленген.

Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун талкулоого активдіі катышкандыгыѕыз ічін ыраазычылыгыбызды билдиребиз.

  

Долбоор

 

 

Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

 

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө

 

1-статья. Кыргыз Республикасынын “Электрдик жана почталык байланыш жөнүндө” Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 8, 230-ст.)  төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

 

4-статьясынын 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:

“- электрдик байланыш кызматын көрсөтүү үчүн лицензияларды алууга конкурстарды же аукциондорду өткөрүүнүн жол-жоболук жалпы эрежелерин бекитүү”.

 

Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 10-1-статья менен толукталсын:

“10-1-статья. Электрдик байланыш тармагындагы, теле-радиопрограммаларды таратуу тармагындагы ишмердикти конкурстук же аукциондук негизде лицензиялоо

 

Сапаттын алгылыктуу деңгээлинде электрдик байланыштын же жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматтарын көрсөтүү үчүн радиожыштыктын спектринин көлөмү жетишсиздигине байланыштуу электрдик байланыш тармагындагы иш жүргүзүүгө конкурстук же аукциондук негизде, ал эми  теле-радиопрограммаларды таратуу тармагындагы иш жүргүзүүгө конкурстук негизде лицензия эгер ишмердик Кыргыз Республикасынын Радиожыштыктар боюнча мамлекеттик комиссиясы тийиштүү аймакта иштеген байланыш операторлорунун мүмкүн болгон саны боюнча чектөөнү рекомендациялаган диапазондогу радиожыштыктарды пайдалануу менен ишке ашырылат.

Конкурс же аукцион өткөрүү жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын Радиожыштыктар боюнча мамлекеттик комиссиясынын рекомендацияларын эске алуу менен ыйгарым укуктуу жөнгө салуучу орган (Кыргыз Республикасынынулуттук байланыш ашегттиги) тарабынан кабыл алынат. Конкурс же аукцион андай чечим кабыл алынгандан кийин алты айдан кеч эмес мөөнөттө өткөрүлөт. Аукцион бош жыштык ресурска гана өткөрүлөт.

Конкурска же аукционго Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарга, конкурс же аукцион өткөрүүнүн эрежелерине жооп берген жеке адамдар жана юридикалык жактар катыштырылат.

10-статья төмөнкүдөй мазмундагы жаңы үчүнчү сүйлөм менен толукталсын:

“Лицензия арыдарды кароонун жыйынтыгы менен, ал эми ушул Мыйзамдын 10-чөйрөсында каралган учурда - өткөрүлгөн конкурстардын же аукциондордун жыйынтыгы боюнча берилет”.

5-бөлүгү: “Лицензия алуу үчүн конкурс же аукцион өткөрүлгөн учурда кошумча талаптар конкурсту же аукционду өткөрүүнүн тартиби менен аныкталат”.

 

2-статья. Кыргыз Республикасынын “Лицензиялоо жөнүндө” Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1997-жыл, № 3, 126-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

17-статьясынын 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы 6-пунктча менен толукталсын:

“арыз иштин жүргүзүү үчүн лицензия конкурстук же аукциондук негизинде гана берилчү түрлөрүнө берилсе. Арыз ээси конкурска катышкан учурда лицензия берүүдөн баш тартуу конкурстун (аукциондун) жыйынтыгы менен болушу мүмкүн”.

 

3-статья.  Бул Мыйзам расмий жарыялангандан үч ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн нормативдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти                                                                                     К.Бакиев


 


 

Долбоор

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмјтінін Токтому

 

 

“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын

Мыйзамынын долбоору тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-статьясына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

 

1. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кароого жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын улуттук байланыш агенттигинин директору аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалсын.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Премьер-министри                                                             И. Чудинов

 




Содержание



  Новости




  Законодательство Кыргызской Республики




  Законопроекты Кыргызской Республики




  Обсуждение проектов нормативных правовых актов




  Регистрация юридических лиц




  Нотариат




  Адвокатура




  Комисcия по отчуждению жилья




  Регистрация актов гражданского состояния




  Регистрация залога




  Судебная экспертиза




  Реформирование уголовно-исполнительной системы




  Услуги




  О Министерстве




  Наш адрес и реквизиты




  Контакты




  Общественная приемная




 



Быстрый поиск


Законы, указы, акты, ...
 
Юридические лица
 
Законопроекты
 
Форум
 
Почта


Имя:
@minjust.gov.kg Пароль:

.
Вы наш
посетитель

2001-2007 c Все права защищены
Министерство Юстиции Кыргызской Республики
тел.: 24-13-13, 65-65-04
email: admin@minjust.gov.kg