|
Жарыяланган кун 3 июнь 2008жыл.
Долбоор
“Тез изилдөө иштерин жүргүзүүчү, Кыргыз Республикасынын ыйгарым укук органдары менен байланыш операторлорунун биргеликтеги иш -аракеттеринин тартиби жөнүндө” бекитилген жобо боюнча ” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Токтому
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү байланыш аппарттарынын урдалуу учурларын төмөндөтүү жана жоюуу максатында токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын “Изилдөө иштерин жүргүүзүүчү, ыйгарым укук органдары менен байланыш операторлорунун биргеликтеги иш-аракеттеринин тартиби жөнүндөгү” сунушталган жобо бекитилсин.
2. Уюлдук жабдыктарды уурдоо көзөмөлүн жогорулатуу жана иретке келтирүү Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине бекитилсин.
3. Учурдагы токтомду көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө тапшырылсын.
Кыргыз Республикасынын
Премьер-министри И.Чудинов
Кыргыз Республикасынын “ Иликтөө иштерин жүргүзүүчү ыйгарым укук органдары менен байланыш операторлорунун биргеликтеги иш -аракеттеринин тартиби жөнүндөгү” бекитилген Жобо боюнча” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүн токтомуна
Маалымкат - негиздеме
Кыргыз Республикасынын “иликтөө иштерин жүргүзүүчү ыйгарым укук органдары менен байланыш операторлорунун биргеликтеги иш -аракеттеринин тартиби жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген учурдагы токтомдун долбоору Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык иштелип чыккан. (“Электрондук жана почта байланышы жөнүндөгү”, “Иликтөө иш-аракеттери жөнүндө”, “КРнын Кылмыш Кодекси” ж.б.)
Учурда Кыргыз Республикасында уюлдук телефонго байланышкан кылмыштуулук, уурулук фактылары гана болбостон, ар кандай адам ден - соолугуна зыян келтирилген талап-тоноолор да катталууда. Бүгүнкү күндө уюлдук жабдыктар күнүмдүк зарылчылыкка айланууда. Ал эми жашоо уюлдук телефондор менен байланыштуу болгондуктан, байланыш аппараттары сапаттуу жана өтүмдүү товар болуп эсептелет.
Андан башка да белгилей кетчү зарыл нерсе, уюлдук аппараттарды урдоо актуалдуу маселеге айланууда. Уюлдук телефондо, уюлдук аппарат сыяктуу эле жашыруун маалыматтар камтылган. Алсак, алардын телефон номерлери, ар кандай өзгөчө маалыматтар ( үй телефондору, электрондук даректери ж.б.) сакталган.
Уюлдук аппараттарды тоноону жоюуу максатында Кыргыз Республикасынын “Иликтөө иштерин жүргүзүүчү ыйгарым укук органдары менен байланыш операторлорунун биргеликтеги иш -аракеттеринин тартиби жөнүндөгү” Жобонун долбоору иштелип чыккан. Коюлган жободо эл аралык идентификатордук( биргеликтеги) аныктамалар иштелип чыгып, уурдалган уюлдук жабдыктарга атайын дайындалган органдар тарабынан көзөмөлгө алынып, төмөндөгүлөр каралган:
- эл аралык идентификатордук ( биргеликтеги) уюлдук жабдыктар;
- уюлдук жабдыктардын моделдери;
- уюлдук жабдыктарда колдонулуучу стандарттар;
- уюлдук жабдыктарды алуу датасы;
- уюлдук жабдыктардын уурдалган жери жана убактысы, күнү;
- уурдалганга чейинки уюлдук жабдыктын ээсинин абонеттик номери;
- уюлдук жабдыктын ээси (паспорттук өзгөчө белгилери, катталганы; толук реквизити ж.б).
Андан сырткары, байланыш операторлорунун, мамлекеттик ыйгарым укук органдар менен болгон карым-катнашын жана байланыш тармагын тейлөөнү жаңыртуу тартиби каралган.
Министр Н. Сулайманов
|